Site icon Reporter.kg

Президент «Учкунда» паспорттор кантип жасалып жатканын көрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-декабрда, “Учкун” ААКсына барып, ишкананын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал жакка барганында мамлекет башчысына чыгарылып жаткан продукциялар, тактап айтканда, жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарынын көлөмү, газета-журнал цехинин иши жана мамлекеттик маанидеги документтердин даярдалышы тууралуу маалымат берилди.

Садыр Жапаров басмакананын жетекчилиги даярдалып жаткан продукциянын сапатына, анын ичинде окуу куралдарына тийиштүү мөөнөттө чыгарууга жетишүүсүнө көңүл буруу керектигин баса белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө “Учкун” бардык керектүү техника менен жабдылганын жана мамлекеттик маанидеги документтерди, анын ичинде паспортторду өз алдынча чыгара аларын айтты.

Садыр Жапаров көп жылдар бою тамырлап, өлкөгө миллиарддаган сомдук зыян келтирүүгө үлгүргөн уюшулган паспорттук мафияны жеңүү үчүн мамлекет эки жылдан бери иштеп жатканын белгиледи. Жалпы жарандык паспортторду жасалмалоодо коррупциянын масштабы абдан чоң болгон жана улуттук коопсуздукка шек келтирген.

Кыргызстанда паспорт мафиясы жоюлду, — Эрбол Султанбаев

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version