Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу маалымат президенттин расмий сайтына жайгаштырылды.
Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пунктунун негизинде Орозбек Опумбаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.