Президент вице-премьер Асрандиевден өлкөдөгү экономикалык абал боюнча маалымат алды

Президент вице-премьер Асрандиевден өлкөдөгү экономикалык абал боюнча маалымат алды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-мартта вице-премьер-министри Эркин Асрандиевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

Жолугушууга Президенттин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жана саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Коронавирустун жайылышы боюнча кырдаалга байланыштуу экономикалык коопсуздукка болгон терс кесепеттерди, тобокелчиликтерди жана коркунучтарды минималдаштыруу боюнча чаралар талкууланды.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык, 3-марттан тарта тышкы таасирлердин кесепеттерин минималдаштырууга жана экономикалык өнүгүүнү өбөлгөлөөгө багытталган экономикалык иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штаб түзүлгөндүгүн маалымдады.

Базарлардагы кырдаалга көз салуу, атамекендик өндүрүшчүлөрдү, жүк ташуучуларды, негизги жеткирип берүүчүлөр менен импортерлорду колдоо боюнча чаралар камтылган биринчи кезектеги иш-чаралар планы иштелип чыкканы белгиленди.

Жалпысынан республика боюнча абал туруктуу, бүгүнкү күндө негизги товарлардын запасы, көлөмү жетиштүү экенин белгиледи.

Президент штабдын негизги милдеттери — дүйнөдөгү экономикалык кырдаалга анализди эске алуу менен таасирдүү сунуштарды иштеп чыгуу жана алардын негизинде мамлекеттик органдар тарабынан тиешелүү чараларды көрүү экенин эске салды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>