Президент ыктыярчы кыздын каза болушуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты

Президент ыктыярчы кыздын каза болушуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 5-курсунун студенти Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.

«Борбор калаадагы убактылуу стационарлардын биринде ыктыярчы болуп эмгектенип жаткан Адинай Мурзабекованын дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги ыктыярчыларды, алардын ичинде медициналык факультеттердин жогорку курстарынын студенттерин ишке тартууга мажбур кылды. Жаш болгонуна карабастан, алар улуу кесиптештери менен бир катарда болуп, бүгүнкү күндүн бардык оош-кыйыштарын татыктуу көтөрүп келе жатышат. Тилекке каршы, бүт өмүрү али алдыда болгон жаш адисибизден айрылып отурабыз», — деп өкүнүү менен белгиледи Мамлекет башчысы.

Адинай Мурзабекова күч-кубатын, ден соолугун аябастан, өз милдетин кайратмандык менен аткарганын жана калктын саламаттыгын, адам өмүрлөрүн сактап калууга баа жеткис салым кошкондугун Президент баса белгиледи.

«Адинай Мурзабекова мекендештери, курсташтары, достору, туугандары жана жакындары, аны тааныгандардын эсинде өз мезгилинин баатыры катары түбөлүккө кала берет. Үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтам, орду толгус жоготуунун кайгысын тең бөлүшөм», — деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Белгилей кетсек, Адинай Мырзабекова 14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>