Site icon Reporter.kg

Президент Ысык-Көлдө коопсуздукту күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдө эс алып жаткан жарандардын коопсуздугун  камсыздоо иш-чараларын күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Президент  Садыр Жапаров Ички иштер министрлигине, Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө эс алуучулар менен туристтердин коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык иш-чараларды күчөтүүнү, анын ичинде суу транспортунун ишмердигин тартипке салууга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин, Чолпон-Атада моторлуу кайыктын айдоочусу (скутер) үч адамды коюп кетип, экөө каза болгону маалымдалган. 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version