Site icon Reporter.kg

Президент юстиция органдарын санариптештирүүнүн жүрүшү менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-январда юстиция министри Марат Жаманкуловду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынан билдиришти.

2020-жылды региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы деп жарыялоо жөнүндө Жарлыкты ишке ашыруу чаралары талкууланды.

Марат Жаманкулов өлкөнү санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Юстиция министрлиги тарабынан санариптик технологияны киргизүүгө байланыштуу калкка мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча тыкыр иштер жүргүзүлгөнүн маалымдады. Мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү Юстиция министрлигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү электрондук форматка өткөрүү, ченем жаратуу процесстерин автоматташтыруу жана 2020-жылы юстиция органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча иштерди улантуунун зарылдыгын баса билдирди.

Мындан тышкары, мамлекет башчысы көрсөтүлүп жаткан квалификациялуу юридикалык жардамдардын жана Юстиция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн экспертизалардын сапатын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Exit mobile version