Президент жаңы ачылган паркка эмне деген аталыш сунуштады?

Президент жаңы ачылган паркка эмне деген аталыш сунуштады?

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-августта, Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы жаңы парктын ачылышында анын атын «Ынтымак» деп атоону сунуштады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

[su_quote]«Бул жерге өлкөнүн бардык булуң-бурчунан биздин мекендештерибиз өздөрүнүн бош убактысын өткөрүү үчүн келишет. Ата-энелер балдары менен эс алышат. Биз үчүн эң башкысы — бул ынтымак, биримдик жана достук. Ошондуктан сейил бакты „Ынтымак“ деп атоону чечтик. Бул борбордун тургундарын жана конокторун, бардык кыргызстандыктарды бириктирген жай болсун», [/su_quote]

Бүгүн, 30-августта  Эгемендүүлүк күнүнө карата Бишкектин Масалиев, Токтоналиев жана Айтматов көчөлөрүнүн кесилишине жаңы сейил бак ачылды. Сейил бактын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Анда жаш балдар ойноочу аянтча, спорт, сүрөт тартуу үчүн ыңгалашкан бөлүктөргө бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>