Президент жаңы төрагага телефон чалды

Президент жаңы төрагага телефон чалды

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Мыктыбек Абдылдаев Президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланган.

«Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи.

Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан Президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти.  Мыктыбек Абдылдаев Президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи», —деп жазылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>