Site icon Reporter.kg

Президент «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салды

Бүгүн, 13-майда Сузак районунда өлкө башчы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашат. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, саатына 350 жүргүнчүнү өткөрүүгө жөндөмдүү болот.

Аэродромдун инфратүзүмү эл аралык стандарттарга жооп берет. 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, эки рулеждик жолчо жана алты учак токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет, бул Boeing 737, Airbus A320 жана A321 сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

Садыр Жапаров иш-чарада сөз сүйлөп, Кыргызстан 2006-жылдан бери кирген Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгуу боюнча үч жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатканын жана буга чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эки аудитинен өткөнүн баса белгилеген. Ошондой эле Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги ушул айда Брюсселге кошумча документтерди тапшырууну пландап жатканын айткан.

«Соңку жылдары өлкөбүздө авиация тармагында кеңири реформалар жүргүзүлүп, коопсуздукту жогорулатуу, инфратүзүмдү жаңылоо, кадрдык базаны чыңдоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү багытында реалдуу жыйынтыктарга жетиштик. «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропортунун курулушун баштоо буга айдан ачык мисал болуп бере алат», — деп баса белгилеген ал.

Мындан тышкары мамлекет башчысы Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту колледжден жогорку окуу жай катары кайра түзүлгөнүн эске салып, бул чечим билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылууга мүмкүндүк берерин кошумчалаган.

Exit mobile version