Site icon Reporter.kg

Президент: 2026-жылга чейин 50 миң үй-бүлө турак жайлуу болот

Кыргызстанда 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлө турак жай менен камсыз болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

«Мектеп салбаган өлкөлөрдө түрмөлөр көбөйөт» деген сөз бар эмеспи. Өткөн жылы жаңы 42 мектептин курулушу аяктап, 11 мектеп толук оңдоп-түзөөдөн өттү. Үстүбүздөгү жылы жалпысынан 204 мектептин курулушу пландалып, жыл аягына чейин анын 100дөйүн бүтүрүү күтүлүүдө.

Ал эми түрмөлөр жөнүндө кеп кыла турган болсок, былтыр 47-колонияны Молдовановка айылына көчүрдүк. Анын ордуна болсо кичи район салынып жатат. Кудай буюрса, бир жарым жылдан кийин бүтөт. 5500 үй-бүлөгө Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 20 жылдык мөөнөт менен ипотекага турак жай беребиз», — дейт ал.

Жапаровдун айтымында, мындан сырткары Нарын, Талас, Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөр салынууда. Башка облус, район, шаарларга дагы долбоорлор даярдалып жатат.

«Аларды дагы МИК аркылуу кезекте турган жарандарыбызга беребиз. Мамлекеттик кызматкерби, мигрантпы же жөнөкөй ишкерби — айырмасы жок. Кыскасы, жалпы өлкө боюнча «Менин үйүм — 2021-2026» программасына ылайык, 2026-жылга чейин 50 миңден кем эмес үй-бүлөнү турак жай менен камсыз кылабыз.

Кийинки жылдарда Бишкектеги номер биринчи тергөө абагын дагы калаа сыртына көчүрөбүз. Ал жерге дагы кичи район түшөт. Аракеттерибизди сөз менен эмес, иш менен көрсөтөбүз», — дейт Жапаров.

№47 абактын ордуна 10 миң батирлүү кичи район куруу пландалууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version