Site icon Reporter.kg

Президент Жапаровду премьерликке эмне себептен бекиткен эмес? – түшүндүрмө

Садыр Жапаровду премьер-министрликке бекитүү боюнча токтомдун артка кайтарылышы боюнча  токтомдун Жогорку Кеңешке кайтарылышы боюнча Президенттик Аппарат түшүндүрмө берди.

Жогорку Кеңештин өкмөттү бекитүү боюнча чечимдери коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратып жатканы айтылат.

«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» КР мыйзамынын 1-беренесине ылайык, жыйынга катышкан депутаттардын саны, жыйын залында отурган жана добуш берүү алдында катталган Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны болуп эсептелет.

Мындан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт.

Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 2020-жылдын 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган.

Мындан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелинет. Буга байланыштуу Президентик Аппарат келип түшкөн тиешелүү документтерди парламентке кайтарды”, –деп жазылат маалыматта.

Exit mobile version