Site icon Reporter.kg

Президент Жапаровдун коррупцияга шектелген инисинин үй камагынын мөөнөтү узартылды

Президент Садыр Жапаровдун бажыдагы коррупцияга шектелип кармалган иниси Улан Жапаровдун үй камагынын мөөнөтү 1 айга узартылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалым болгондой, Улан Жапаровдун бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда 21-ноябрда каралып, ИИМдин тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен анын үй камагынын мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылган.

Эскерте кетсек, Улан Жапаров Садыр Жапаровдун тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу болуп саналат. Ал быйыл июль айынын башында бажыдагы коррупциялык ишке аралашкан деп кармалган. Улан Жапаров №1 тергөө абагында 3,5 ай камакта отургандан кийин 19-октябрда үй камагына чыгарылган.

Аталган кылмыш ишин ИИМ тергеп жатат.

Садыр Жапаровдун коррупцияга шектелген иниси үй камагына чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version