Site icon Reporter.kg

Президент Жапаровко уулунун тажыясына барууга уруксат бердиби?

Садыр Жапаровду баласынын тажыйасына барууга уруксат берүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы чечет. Бул тууралуу РЕПОРТЕР агенттигине президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Буга чейн айрым басылмалар активист Мелис Аспековко таянып, президент саясатчыга абактан чыгып, уулунун тажыясына катышууга уруксат бергенин жазып чыгышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бошотуу өтүнүчү расмий түшкөн соң абактын жетекчилиги бул маселени чечерин билдирген.

Садыр Жапаровдун  тун уулу Дастан Мусталиев бүгүн 26-вагустта жол кырсыгынан каза болду.

Exit mobile version