Президент Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышууга Москвага учуп кетти

Президент Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышууга Москвага учуп кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага учуп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда президенттин аппаратынан маалымдашты. 

Сооронбай  Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>