Президент ЖЕЭКтин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Президент ЖЕЭКтин жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Бүгүн, 20-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

ЖЕЭКтин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ  мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт.

Кыргызстандан кеткен делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Орусиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>