Президент Жээнбеков: Бүгүнкү максат — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү

Президент Жээнбеков: Бүгүнкү максат — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү

Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды зарыл болгон багыттарга буруу жана финансылык салымдардын натыйжалуулугун камсыз кылуу. Мындай пикирин бүгүн, 19-ноябрда Бишкекте эл аралык донордук уюмдардын, эл аралык финансы институттарынын, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусу менен өтүп жаткан «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» аттуу жогорку деңгээлдеги өнүгүү форумунда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков айтты.

Президент Эгемендүүлүктү алган жылдардан бери өнөктөштөрдүн жардамы менен ири долбоорлор ишке ашырылганын билдирди.

-Азия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосу менен ири инфраструктуралык долбоорлорду колдонууга бердик.

-Дүйнөлүк банк менен тыгыз кызматташуунун негизинде энергетика, жолдорду куруу, инфраструктураны өнүктүрүү долбоорлору ишке киргизилди.

-Эл аралык валюта фонду жана Евразиялык өнүктүрүү банкы финансылык туруктуулукту камсыздоо маселелери боюнча арбын көмөк көрсөттү.

-Бириккен улуттар уюмунун агенттиктери Өлкөнү туруктуу өнүктүрүүдө баа жеткис салымын кошту.

-Таза суу жана ирригация долбоорлору боюнча Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү банкы жана башка донордук уюмдар аркылуу ишке ашырылууда.

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу негизде Орусия, Кытай, Түркия, Европа мамлекеттери, Япония, Түштүк Корея, АКШ, Швейцария, Сауд Аравиясы, Катар, Кувейт жана башка өлкөлөр менен иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>