Site icon Reporter.kg

Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат.

Өлкө башчысынын маалымат кызматы билдиргендей,  ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.

Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргызстандагы социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.

Exit mobile version