Site icon Reporter.kg

Президент Жээнбековдун колуна Садыр Жапаровдун тарапташтарынын кайрылуусу тийди

Бүгүн, 2-мартта Бишкекте борбордук аянтта камакта жаткан саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары анын боштондугун талап кылган митинг өткөрүшүүдө.

Анда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жылдыз Жолдошева Жапаровдун тарапташтарынын кайрылуусун президент Сооронбай Жээнбековго бергенин митингде билдирди.

Жолдошеванын айтуусунда, президент президент колуна тийген бардык материалдарды тиешелүү органдарга тапшырууга убада берди.

Түшкү саат 13.00дө башталган митинг учурда дагы деле уланууда.

Exit mobile version