Site icon Reporter.kg

Президент жергиликтүү кеңештерге шайлоону токтотуу тууралууу жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков  12-апрелге белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоону токтотуу тууралууу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

«Адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле ар бир адамдын ден соолугун коргоо укугун көз карандысыз демократиялык мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары белгилеген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык республикада түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаал кечиктирилгис чараларды көрүүнү талап кылат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Коопсуздук кеңешинин 21-мартта өткөн жыйынында жергиликтүү кеңештерге шайлоону токтотуу боюнча чечим кабыл алынган.

12-апрелде өлкөдөгү беш шаарда жана бир нече айылдарда шайлоо өтөрү белгиленип, партиялар үгүт иштерин баштаган эле. Шаардык кеңештердин депуттарын шайлоого 22 саясий партия ат салышып жаткан.

Exit mobile version