Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жекшембиге, 2021-жылдын 11-апрелинде өтөт.
Өткөн жылы жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо пандемияга байланыштуу белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.