Site icon Reporter.kg

Президент жергиликтүү соттордун судьяларын дайындады

Президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жергиликтүү соттун судьясын дайындады. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сот тандоо кеңеши президентке жергиликтүү кеңештин судьялыгына 18 адамдын талапкерлигин көрсөткөн.

Президент талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешип,  17 талапкер боюнча кеңештин сунуштарына макулдук берип, 1 талапкерди артка кайтарган.

Баткен облусу

—           Сүлүктү шаардык соту: Жаназаков Бакытбек Маасыдыкович;

—           Лейлек райондук соту: Салиев Канатбек Камчыбекович;

—           Кадамжай райондук соту: Шаназаров Карабай Кожомбердиевич;

—           Баткен райондук соту: Ажимуратов Болотбек Камилович, Жолдошалиев Расул Абдыракманович;

—           Кызыл-Кыя шаардык соту: Дыйканов Нургазы Пиримбердиевич;

Ысык-Көл облусу

—           Жети-Өгүз райондук соту: Энкилбаева Эльнура Батырбаевна;

—           Түп райондук соту: Болотбаев Мелис Жаныбекович, Оболбеков Бактияр Аскарбекович;

—           Тоң райондук соту: Бекенов Туратбек Орозбаевич;

—           Балыкчы шаардык соту: Бекишов Эрлан Дуулатбекович;

Нарын облусу

—           Нарын райондук соту: Калыбеков Урмат Анварбекович;

—           Кочкор райондук соту: Мамбетов Элдияр Асантурович;

—           Жумгал райондук соту: Арзиев Ачылбек Муракимович;

—           Ат-Башы райондук соту: Абжалбек кызы Зарина;

—           Ак-Талаа райондук соту: Моютова Назгүл Аманбековна;

—           Нарын шаардык соту: Орозалиев Алмазбек Касыевич.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Exit mobile version