Президент жергиликтүү сотторго судьяларды дайындады

Президент жергиликтүү сотторго судьяларды дайындады

Президент  Сооронбай Жээнбеков жаңы сотторду дайындады. Жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана Нарын, Талас облусунун жана Кемин,  Алай, Араван, Кара-Кулжа, Ноокат Чоң-Алай райондук сотторуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө жарлыктарга кол коюлганын өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сооронбай Жээнбековго Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан 14 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрүп, анын жыйынтыгы менен төмөндөгү адамар жергиликтүү соттордун судьялары болуп дайындалды.

— Нарын облустук сотунун судьясы болуп Арзыкулова Гүлсүн Абдыевна;

— Талас облустук сотунун судьясы болуп Ибраимов Бакыт Молдозакович, Кенжеев Марсель Майрамбекович;

— Кемин райондук сотунун судьясы болуп  Сатарбек уулу Мирбек;

— Алай райондук сотунун судьясы болуп Кожомкулов Алайбек Рамазанович;

— Араван райондук сотунун судьясы болуп Бакалбаев Тилек Калмаматович;

— Кара-Кулжа райондук сотунун судьясы болуп  Базарбаев Канатбек Туратбекович;

— Ноокат райондук сотунун судьясы болуп Абдираев Азамат Парпиевич;

— Чоң-Алай райондук сотунун судьясы болуп Раимкулов Эрмек Раимкулович дайындалды.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>