Site icon Reporter.kg

Президент Жетим-Тоо боюнча жалган айткандарды тартипке чакырууну тапшырды

Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо боюнча жалган маалымат таратып жаткан адамдар бар экенин билдирип, укук коргоо органдарына аларды тартипке чакырууну тапшырды. Бул тууралуу ал Жетим-Тоо боюнча фейсбук баракчасындагы кайрылуусунда жазды.

Анын айтымында, учурда Жетим-Тоого байланыштуу эл арасында жалган маалымат таратып, бүлүк салган адамдар чыгууда.

«… Ошондуктан өздөрүн «баатыр» көрсөткүсү келип жаткан «лжепатриоттор!», Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла.

Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар «лжепатриоттор», калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?», — деп жазган ал.

Президент Жетим-Тоо боюнча элге кайрылуу жасады

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version