Президент жубайы менен «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине барды – сүрөт

Президент жубайы менен «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине барды – сүрөт

Президент Садыр Жапаров «Эл ырчысы Эстебес» тобунун концертине күбө болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, СССРдин эл артисти Эстебес Турсуналиев түзгөн «Эл ырчысы Эстебес» тобу, 7-март күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, аялзатынын эл аралык күнүнө карата «Ааламдан кең апа сенин бешигиң» аттуу концертин тартуулашты.

Эне темасына арналып, абийир, ыйман, мекен, миграция маселелерин чагылдырган театрлаштырылган концертте КР эл артисти Нуржамал Табалдиева, КР эмгек сиңирген артисти Амантай Кутманалиев, ырчылар Өмүрзак Кайыпов, Мээрим Карыпова, Элзар Өскөнбаева, Гүлгакы Сагындыкова, Турдукан Сарбанова, Элдияр Желдеңбаев, Таалай Иманкулов, Талант Сыдыков, Өскөн Дүйшөмбиев, комузчу Эмил Ишенбек уулу жогорку деңгээлде өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Концертке Президент Садыр Жапаров жубайы Айгүл Асанбаева менен келип, сахна чеберлеринин өнөр кечесине күбө болуп кайтты.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>