Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко жаштарды уюлдук телефонду азыраак колдогууга үндөдү, деп жазат Lenta.ru.
Жаш активисттер менен жолугушууда президент өзү уюлдук телефон колдонбой тургандыгын айтып: “Телефон биринчи кезекте баарлашуу жана интернет үчүн гана керек. Интернетти жашоого зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн гана пайдалануу керек. Ал эми жөн гана смартфон тиктеп отуруунун кажети жок. Кийин телефон чукулаган кичинекей абышкаларга окшоп калбагыла”, — деди Лукашенко.
Ошондой эле, ал өзү бир нече себептерден улам жана анын ичинде коопсуздугу үчүн дагы телефон колдонбой тургандыгын айтты.