Президентке өткөн жылы жарандардан 15 миң 305 кайрылуу келип түшкөн

Президентке өткөн жылы жарандардан 15 миң 305 кайрылуу келип түшкөн

Президенттин Аппараты 2019-жылдын 12 айы ичинде жалпы жарандардын 15 миң 305 кайрылуулары менен иш жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин аппаратынан маалымдашты.

12 ай ичинде келип түшкөн кайрылуулардын жалпы саны өткөн жылга салыштырмалуу 14,1%га, ал эми жазуу жүзүндөгү кайрылуулардын саны 21,7%га азайган.

2019-жылдын 12 айында келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуулардын ичинен эң көп кайрылуу Бишкек шаарынын тургундарынан келип түштү — 4 394 кайрылуу, андан кийин Чүй облусунан — 1865, Жалал-Абад облусунан — 1 385, Ысык-Көл облусунан — 850, Ош облусунан — 787, Ош шаарынан — 548, Нарын облусунан — 463, Баткен облусунан — 550, Талас облусунан — 217 КМШ жана башка өлкөлөрдөн 290 кайрылуу келип түшкөн.

Ошондой эле, бардык келип түшкөн 11 349 кайрылуулардын 1 584түн же 13,95%ын электрондук кайрылуулар түзгөн.

Талдоо көрсөткөндөй, келип түшкөн кайрылуулардын көпчүлүгү сот жана укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу болду жана 4 826 кайрылууну же 42,5%ды түздү, алардын ичинде:

—           прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 1 982;

—           сот органдарына байланыштуу маселелер боюнча — 1 810;

—           ички иштер органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 789;

—           финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча — 117;

—           улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 86;

—           жаза аткаруу кызматына байланыштуу маселелер боюнча — 42.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>