Президентке өзгөчө абал режимин узартууну кароо маселеси сунушталды

Президентке өзгөчө абал режимин узартууну кароо маселеси сунушталды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-апрелде, биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алды.

Анда азыркы кырдаал, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына мындан ары жайылышына жол бербөө жана анын кесепеттерин жокко чыгаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланган.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус менен түздөн-түз күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерин жана башка адамдарды жеке коргонуу каражаттар жана бардык зарыл нерселер менен камсыздоого өзгөчө көңүл бурду. 

Кубатбек Боронов оорунун күн санап өсүшүн жана дүйнөдөгү жана коңшу өлкөлөрдөгү кырдаалдарды эске алуу менен айрым шаарларда жана райондордо өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдерин узартуу мүмкүнчүлүгүн кароо жөнүндө сунушун билдирди.

25-марттан тартып коронавирус көп чыккан Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында, Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда бир айга өзгөчө абал киргизилген.

Соңку маалымат боюнча, жалпы өлкө боюнча коронавирусун жуктурган жалпы 419 учур катталды. Алардын ичинен 67 бейтап оорудан сакайып, үйлөрүнө чыгарылган. Ал эми 5 киши каза болгон. Ооруну жугузуп алгандардын ичинен 79 бейтап медицина кызматкерлери.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>