Президентке Airbus A320 учагы сатып алынды (видео)

Президентке сатып алынган Airbus A320 үлгүсүндөгү учак «Манас» аэропортуна келип конду. Бул тууралуу өлкө башчысынын администрациясынын маалымат кызматы билдирди. Airbus A320 2002-жылы чыгарылган. Ал  бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынды. Министерлер кабинети учактын баасын ачыктаган жок. Бирок интернеттеги маалыматтарга караганда, Airbus A320 100 миллион доллар турат. Биздин Телеграм каналга катталыңыз