Site icon Reporter.kg

Президентке келген он миң кайрылуунун жарымы сот жана укук коргоо органдарына тиешелүү

8 ай ичинде президент Сооронбай Жээнбековго жарандардан 10 миң 126 кайрылуу келип түштү.

 Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү.

Бул мазмуундагы каттардын жалпы саны 3375 же 43,7%ды түзгөн.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулардын саны — 1013 кайрылуу же 13,1%.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына тийиштүү башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө — 205 кайрылуу.

Мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 355;

Коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 240 кайрылуу келип түшкөн.

Бардык келип түшкөн 7726 кайрылуулардын 6228и көзөмөлгө алынып, алардын 5643ү мөөнөтүндө аткарылды, ал эми 585и мөөнөттөрүнө ылайык аткарылууда

Exit mobile version