Президентке келген он миң кайрылуунун жарымы сот жана укук коргоо органдарына тиешелүү

Президентке келген он миң кайрылуунун жарымы сот жана укук коргоо органдарына тиешелүү

8 ай ичинде президент Сооронбай Жээнбековго жарандардан 10 миң 126 кайрылуу келип түштү.

 Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, көпчүлүк кайрылуулар сот жана укук коргоо органдарынын ишине тиешелүү.

Бул мазмуундагы каттардын жалпы саны 3375 же 43,7%ды түзгөн.

  • — прокуратура органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 1366;
  • — сот органдарына байланыштуу маселелер боюнча — 1254;
  • — ички иштер органдары тийиштүү маселелер боюнча — 570;
  • — финансы полициясына тийиштүү маселелер боюнча — 97;
  • — улуттук коопсуздук органдарына тийиштүү маселелер боюнча — 62;
  • — жаза аткаруу кызматына байланыштуу маселелер боюнча — 26.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен байланышкан кайрылуулардын саны — 1013 кайрылуу же 13,1%.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына тийиштүү башка көйгөйлүү маселелер жөнүндө — 205 кайрылуу.

Мамлекеттик сыйлыктар, жарандык берүү, мунапыс маселелери боюнча — 355;

Коргоо, чек ара, мамлекеттик жана улуттук коопсуздук жана тышкы саясат маселелери боюнча — 240 кайрылуу келип түшкөн.

Бардык келип түшкөн 7726 кайрылуулардын 6228и көзөмөлгө алынып, алардын 5643ү мөөнөтүндө аткарылды, ал эми 585и мөөнөттөрүнө ылайык аткарылууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>