Президентке Турдакун Усубалиевдин автоунаасын ким белекке берди?

Президентке Турдакун Усубалиевдин автоунаасын ким белекке берди?

Турдакун Усубалиевдин автоунаасын алганым сыймык, бирок аны музейге тапшырууну ылайык көрүп турам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчынын билдирүүсү «Телеграм-каналына» жарыяланды.

Кочкор жергесинен келген Бакай аттуу мырза Турдакун Усубалиевдин автоунаасын Жапаровго белекке тартуулаган.

«00-01 ФИА» номерлүү атоунаа 1970-жылы Турдакун Усубалиевге берилген экен. Темир тулпар бир нече жыл тебилип, кийин соңунда Кочкордогу жердештеринин колунда көздүн карегиндей сакталып турган. Мени суктандырганы, машине дале жапжаңы, жакшы каралган. Кадимкидей от алып, тепсең Турдакун Усубалиевдин учурундагыдай эле зуулдайт.

Дөөтү деген дөөтү, Кыргызстанды 1961-жылдан 1985-жылга чейин башкарган кишиден калган таберик буюмдун рулун кармап, ырымга ары-бери айландырып турганымда, өлкөбүздүн бир үзүм тарыхы көз алдыма элестей түштү. Бул автоунаа өмүрү жана ишмердиги биздин өлкөбүздүн өнүгүшүнө терең из калтырган адамдын аты менен байланыштуу болгондуктан, аны короомдо, көздөн далдоодо каткан болбойт деген ойго токтодум. Мындай баалуу тарыхый буюм баарыбызга тең орток, баарыбыздын энчибиз. Заманбап автоунаалардын түрү жайнаган азыркы заманда жаш муун көрүп, ата-бабалардын кандай унаа тээп, жок эле дегенде кандай шартта жашап-иштегенин элестетип алышса деле, алар үчүн тарбия. Ошондуктан, Турдакун Усубалиевден калган автоунааны Улуттук тарых музейине белекке тартуулоону туура көрдүм», — деп жазат мамлекет башчы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>