Site icon Reporter.kg

1800 — 3000 доллар. Президентти кечирим сураткан карындашы түшкөн тик учактын ижара акысы

??????????

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2022-жылы эки Airbus — H-125, Airbus- H-145 тик учагын сатып алган. Ошол эле жылы «Авиациялык издөө-куткаруу кызматы» мамлекеттик ишканасы түзүлүп, жаңы аба транспортун ижарага берип баштайт.

Ишкананын Инстаграм баракчасында тик учак төмөнкү кызматтарды көрсөтөрү айтылат:

Президенттин карындашы Лазат Нуркожоева Оруу-Сайга учуп барган тик учак Airbus — H125.

Анын баасы жайкы убакта бир саатка 185 миң 817 сом деп көрсөтүлгөн. Ичине 4 жүргүнчү батат.

Экинчи учак — H145. Анын наркы кымбатыраак — 305 миң 820 сом. Ичине 8 жүргүнчү олтура алат.

Белгилей кетсек, Лазат Нуркожоева 23 жашта, ал Кыргыз мамлекеттик университеттин юридикадык факультетин бүтүрүп, Бишкектин Свердлов райондук сотунда иштеп жатат.

Ал президенттин иниси Дөөлөттүн кызы жана эң көп талкуу жараткан туугандарынын бири. Ал Садыр Жапаров премьер-министр болуп дайылган жылы эле «Кыргызстан сулуусу» сынагын жеңип, BMW X5 автоунаасын утуп алган. Анда бул жарышка катышып жатканын «Садыр атам билген эмес» деп айткан.

Андан кийин жол эрежесин бузуп кармалып, айып пул төлөп, 21 жашын кымбат отелдердин биринде белгилегени менен сөзгө алынган.

2022-жылы Лазат өзүнүн Lamonte бренддин жана дүкөнүн ачкан. Анда атасы Дөөлөт кызы насыя алып иштеп жатканын кабарлаган.

“Ойлонсо болмок”. Президент карындашы үчүн кечирим сурап, колун сураган жигитти сындады

Exit mobile version