Site icon Reporter.kg

Президенттик администрациянын имараты «Ынтымак ордо» 30-августта ачылат

Президенттик администрациянын жаңы имараты «Ынтымак ордо» 30-августта ачылат. Бул тууралуу Facebook баракчасына өлкө башчысынын иш башкармачысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Ал видеосун жүктөп, жаңы «Акүй» толугу менен бүткөнүн кабарлады.

Жаңы «Акүйдүн» курулушу 2022-жылы башталган, анын аянтты 26 гектар. Ага канча каражат жумшалары ачыкталган эмес. Садыр Жапаров имаратты куруу үчүн чет өлкөдөн жумушчулар алынып келингенин кабарлаган.

Бийлик быйыл жаңы Акүйгө көчөт. Ал жерде кимдер иштей турганы айтылды

Exit mobile version