Президенттик аппарат: пенсияны көтөрүү пландалууда

Президенттик аппарат: пенсияны көтөрүү пландалууда

Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү социалдык тармактардагы пенсиянын өлчөмү кескин көбөйгөндүгү тууралуу тарап жаткан маалыматтарды расмий түрдө төгүндөйт.

“Маалымат мейкиндигинде мурдагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров 2020-жылдын 1-декабрынан тартып пенсияны 65 пайызга — 5723 сомдон 9 443 сомго көтөрүү жөнүндө Жарлыкка кол койгону жөнүндө маалымат таркатылып жатат.

Бирок, бул маалымат чындыкка дал келбейт жана жалган”, — деп айтылат маалыматта. 

Ошондой эле президенттин басма сөз кызматы быйыл Социалдык фонд пенсияны 7 пайызга көтөрүүнү пландап жаткандыгын, бул үчүн бюджеттен 3 миллиард сом өлчөмүндө каражат керектигин билдирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>