Президенттик аппарат журналисттерге аккредитация берүүнү кайра кароо сунушун берди

Президенттик аппарат журналисттерге аккредитация берүүнү кайра кароо сунушун берди

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Републикалык ыкчам штабга жана жер-жерлердеги комендатураларга өзгөчө абал мезгилинде журналисттерди аккредитациялоо маселесин кайра карап чыгууну сунуштады.

Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан билдирүүдө айтылат.

 “Муну менен бирге ооруп калгандардын саны өсүп кеткендигине байланыштуу, ЖМК өкүлдөрүн өз ишмердүүлүктөрүн пандемия шартында жогору коопсуздук чараларын катуу сактап, саламаттыгын тобокелчиликке салбоо менен жүргүзүшүн суранабыз”, — деп жазылат билдирүүдө.

Президенттик аппарат ошол эле учурда Республикалык штабдын жана комендатуралардын онлайн-брифингдери өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режими мезгилинде өзүнүн натыйжалуулугун көрсөткөнүн белгилеп өткөн.

Белгилей кетсек, Бишкек комендатурасы жана Республикалык штаб өзгөчө абал киргизилген күндөн тартып эркин маалымат каражаттарына чектөөлөрдү киргизген. Мындан улам эл өкүлдөрү жана медиа экиспертер бул чектөөлөр Баш мыйзамга каршы келерин эскертишкен.

сүрөт: sputnik / Табылды Кадырбеков
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>