Site icon Reporter.kg

Президенттик аппараттын башчысы коронавируска чалдыкты

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу ал 27-июнда «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Эсеналиевдин айтымында президенттик аппараттын дагы сегиз кызматкери коронавируска чалдыккан. Мындан улам кызматкерлердин көпчүлүгү аралыктан иштөөгө өтүшкөн.

Белгилей кетсек,  Сооронбай Жээнбеков баштаган делегация 24-июнда Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн барышкан.

Бирок делегация мүчөлөрү Москвада коронавируска текшерилгенде президенттик аппараттын эл аралык бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана бир жансакчыдан коронавирус табылган. Мындан улам Жээнбеков парадга катышпастан кайтып келген.

Көп өтпөй президенттик аппараттын сегиз кызматкеринен коронавирус аныкталгандыктан бардык кызматкерлер анализ тапшырган. Бүгүнкү күндө президенттик аппараттын илдетке чалдыккан кызматкерлеринин жалпы саны 17 адамга жетти.

Exit mobile version