Президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус табылды

Президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус табылды

Президенттик аппараттын 8 кызматкеринен коронавирус табылды. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, 24-июнда Москвада өткөн Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышуу үчүн барган кыргыз делегациясынын курамында коронавирус жуктуруп алгандар аныкталгандыгына байланыштуу, президентик аппараттын бардык кызматкерлери илдетке карата анализ тапшырган. 

Анын жыйынтыгы менен президенттик аппараттын 8 кызматкеринде — байланышта болгон адамдарда коронавирус инфекциясы бар экени тастыкталган. 

“Бул илдеттин мүнөзүн жана биринчи анализдеги күмөндүү учурларды эске алуу менен бардык кызматкерлер кайрадан анализ тапшырышат, ага жараша, жыйынтыктар өзгөрүшү мүмкүн.

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын алгоритмине ылайык, илдет белгилери жок өтүп жаткандыгын эске алуу менен алардын баары үйдө обочолонууда болуп, дарыланышат.

Аппараттын көпчүлүк кызматкерлери алыстатылган тартипте иштөөсүн улантышууда”, — деп айтылат басма сөз кызматынан маалыматында. 

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>