Президенттик шайлоо: 11 талапкердин Кыргызтесттен өткөндүгү тууралуу күбөлүгү жок

Президенттик шайлоо: 11 талапкердин Кыргызтесттен өткөндүгү тууралуу күбөлүгү жок

Президенттик шайлоого катышуу ниети жөнүндө БШКга арыз тапшырган 63 талапкердин 11нин Кыргызтесттен өткөндүгү тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдиргенин 24.kg жазды.

Күбөлүгү жок талапкерлер: Куттумидин Базаркулов, Анаркүл Араева, Тынчтык Акжолтоев, Юлия Лилиентал, Чыңгыз Капаров, Жээнбек Искендеров, Елена Клипачева, Жыпаргул Тургуналиев, Султан Аджиматов, Мирлан Калыбеков жана Анар Зарипова.

БШК тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн толук тизмесин 19-ноябрда жарыялайт. Бул күнү жетишпеген документтерди тапшырууга акыркы күн.

Андан ары, арыз ээлери 3-декабрга чейин кол топтоп, баракчаларды БШКга өткөрүп берип, 3-декабрга чейин 1 миллион сом күрөө төлөшү керек. Талапкерлер каражатка жана кол тамгагадан башка материалдарды 6-декабрга чейин тапшырып бериши абзел.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>