Site icon Reporter.kg

Президенттик шайлоо: Садыр Жапаровдун шайлоо фондуна кимдер акча которгон?

10-январда Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда  президентик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо референдуму бөлуп өттү. Шайлоонун толук жыйынтыгы үч күндүн ичинде айтылат. Ал эми алдын ала жыйынтык тууралуу БШК маалымдаган. 

Ошентип кыргызстандыктар өлкөнүн алтынчы  президентин тандап алышты. Президенттикке 17 талапкер ат салышкан, алардын ичинен: саясатчылар, ишкерлер, маданият кызматкерлери, мурунку мамлекеттик кызматкерлер жана жарандык активисттер болгон.

БШКнын алдын ала берген жыйынтыгына ылайык, шайлоочулардын 79.18% пайыз добушун алган Садыр Жапаров жаңы президент болуп тандалды, экинчи орунга — 6.7% менен Адахан Мадумаров, үчүнчү орунга — 2.35% менен Бабыржан Төлбаев чыккан. Көрүнүп тургандай, Жапаров жана анын атаандаштары алган добуштун ортосундагы айырма 72% түзөт.

Белгилей кетсек, президенттик ат салышууга талапкерлер жалпы жонунан 122.9 млн сом коротушкан. Анын ичинен Садыр Жапаровдун чыгашасы —  67.1 млн сомду же чыгымдын 54.6% түзгөн.

БШКнын сайтында маалымдалгандай, Жапаровдун эсебиндеги жалпы сумманын 22% же 15 млн сому жалгыз өзүнүн каражаты болгон, ал эми калган сумма — эсепке ыктыярдуу негизде төгүлгөн каражаттар болгон.

Белгилей кетсек, Жапаровдун башкы атаандашы — Адахан Мадумаровдун эсебине ыктыярдуу негизде 1% жетпеген (0.66%) каражат төгүлгөн.

Шайлоо күнүнүн соңунда шайлоочулардын жалпы саны 1 млн 180 миң 515ди же жалпы шайлоочулардын 33.13% түзгөн. Бул Кыргызстандагы шайлоо тарыхындагы эң төмөн көрсөткүч. Айрым эксперттер мунун себебин, массалык түрдө добуш сатып алуунун жок болгондугу менен байланыштырышууда. Ошондой эле бул активдүүлүк реалдуу болгонун белгилешкен.

Кошумчалай кетсек, 10-январь күнү кыргызстандыктар  референдумда башкаруу формасын дагы тандашты. Жалпысынан 1 млн 178 миң 656 шайлоочу келген.

 

Бардыгы болуп Кыргызстанда 3 млн 563 миң 574 шайлоочу катталган. Шайлоо күнү 2 миң 474 участок, анын ичинен 48и – чет өлкөлөрдө иштеген.

Материал «Акчабар» финансылык порталы тарабынан даярдалган.

Exit mobile version