Site icon Reporter.kg

Президенттик шайлоо. УКМК чагымчыл материалдарды таратуучуларга чара көрөт

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактарда аймактар ​​аралык жана улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган чагымчыл материалдардын жайылышы тууралуу реакция кылды.

«Бул чагымчыл материалдар өлкөдөгү коомдук жана саясий кырдаалды курчутуу максатында жайылтылууда. УКМК аталган материалдарды түзүүгө жана жайылтууга катышкан адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп билдирди комитеттин басма сөз кызматы.

УКМК аймактар ​​аралык кастыкты козутуу максатында чагымчыл жана башка материалдарды жайылткандарга кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет.

Эгерде сиз чагымчыл билдирүүлөрдү таратуучулар жөнүндө маалыматыңыз болсо, анда (0312) 66-04-75 номери аркылуу УКМКнын нөөмөт кызматына же (0312) 66-00-20 ишеним телефону аркылуу байланышсаңыз болот. Анонимдүүлүккө кепилдик берилет.

Exit mobile version