Президенттик шайлоодо эркектер активдүүлүгүн көрсөткөн

Президенттик шайлоодо эркектер активдүүлүгүн көрсөткөн

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-январда мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоого добуш берүүгө катышуу үчүн идентификациядан өткөн шайлоочулардын тизмелерин жарыялады.

Ар бир участок боюнча тизме менен бул шилтеме аркылуу таанышууга болот.

Шайлоочуларды идентификациялоо маалыматтык тутумунун маалыматтарына ылайык добуш берүү күнү 2 миң 474 шайлоо участогунда, ошондой эле орун-жайдан тышкары 1 млн 398 миң 888 шайлоочу же шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын  тизмелерине кирген 3 млн 563 миң 574 жарандын ичинен 39,26%ы идентификациядан өткөн.

БШКнын маалыматына ылайык, 10-январда добуш берүү күнү идентификациядан өткөн шайлоочулардын жалпы санынын 47,59%ын – аялдар, ал эми 52,41%ын эркектер түзгөн.

Мында жалпысынан шайлоочулардын тизмесине киргизилген аялдардын саны шайлоочулардын тизмесине киргизилген эркектердин санынан көп:

шайлоочулардын баары — 3 563 574, 100%

анын ичинде аялдар —  1 860 477, или 52,21%

анын ичинде эркектер — 1 703 097, или 47,79 %.

Жаш курагы боюнча идентификациядан өткөн шайлоочулардын арасында ар кыл жаш курактагы категориялардын дүң салмагы төмөнкүдөй: 18 жаш -1,88 %, 19-30 жаш – 19,18 %, 31-45 жаш – 30,99 %, 46-60 жаш – 30,62%, 60 жаштан жогору – 17,32%.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>