Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы беш адам арыз берди

Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы беш адам арыз берди

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип дагы беш адам арыз тапшырды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Алар “Мөңгү” фондунун директору Урустам Кабылбеков, убактылуу эч жерде иштебеген Ильгиз Товкеев, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов, куудул Жамбыл Камчиев жана «Халал» индустриясын өнүктүрүү борборунун жетекчиси, журналист Мыктыбек Арстанбек.

Ушуну менен президенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 22 адамга жетти.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>