Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы эки адам арыз берди

Президенттик шайлоого катышуу үчүн дагы эки адам арыз берди

Мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип дагы эки адам арыз тапшырды.  Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен арыз бергендердин бири 46 жаштагы Касенов Аймен Абдыталипович. Ал Прагадагы Нью-Йорк университетинин студенти.

Экинчи адам 36 жаштагы Эсенбеков Азамат Эсенбекович.

Буга чейин президенттикке талапкер болуу ниетин билдирип Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев жана Жеңишбек Байкуттиев БШКга расмий арыз тапшырышкан.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>