Президенттик шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты

Президенттик шайлоого катышуудан дагы бир талапкер баш тартты

Орозобек Мадинов президенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Мадинов президенттик шайлоого катышуу үчүн берилген документтерин кайра чакыртып алуу үчүн БШКга арызы менен кайрылган.

Учурда 49 талапкер калды.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 10-январына белгиленген президенттик шайлоого талапкер катары катышуу ниетин билдирип 65 адам БШКга арыз берип кайра үч адам арызын чакыртып алган. Кийин 19-ноябрда Боршайкомдун жумушчу тобунун чечимине ылайык, 12 талапкердин документин артка кайтарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>