Site icon Reporter.kg

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 549.2 млн сом керектелет

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүгө 549.2 млн сом керектелет. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.

Чыгымдын бир бөлүгүн же 38.7% Борбордук шайлоо комиссиянын эсебиндеги мурун пайдаланылбаган каражаттардын эсебинен жабуу пландаштырылган (212.7 млн сом).

Муну менен катар, президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө 336.5 млн сом керектелет, анын ичинен 2020-жылы 136.5 млн сом жана 2021-жылы 200 млн сом республикалык бюджеттен шайлоону жыйынтыктоого бөлүнөт.

Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Exit mobile version