Site icon Reporter.kg

Президенттик шайлоонун датасы кийинки жумада белгилениши мүмкүн, — премьер-министр

Президенттик шайлоонун датасы кийинки жумада белгилүү болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында премьер-министр Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, шайлоо 10-январдан кечиктирилбестен өткөрүлүшү керек.

Ал ошондой эле бир мандат боюнча көз карашын кайра карап чыккандыгын айтты.

«Мыйзам боюнча бул дээрлик туура, шайлоо партиялык тизме боюнча өтүшү керек экендигин көрдүм. Депутаттар 3% босогону өздөрү чечишет, менин оюм жетишсиз, жок дегенде 5% болуш керек », — деди ал.

Exit mobile version