Президенттикке аттанган канча талапкер шайлоо күрөөсүн төктү?

Президенттикке аттанган канча талапкер шайлоо күрөөсүн төктү?

Президенттике талапкер болгон 14 адам Борбордук шайлоо комиссиясынын депозиттик эсебине 1 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төктү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлайт.

Мыйзамга ылайык, талапкерлердин шайлоо күрөөсүн тапшыруу мөөнөтү 4-декабрга өткөн сааттан тартып аяктайт.Шайлоо күрөөсүнүн белгиленген суммасы 1 млн сом.

3-декабрда саат 11:00гө карата шайлоо күрөөсүн толук тапшыргандар:

  1. Аймен Касенов;
  2. Бабыржан Төлбаев;
  3. Адахан Мадумаров;
  4. Садыр Жапаров;
  5. Равшан Жээнбеков;
  6. Рашид Тагаев;
  7. Элдар Абакиров;
  8. Жеңишбек Байгуттиев;
  9. Арстанбек Абдылдаев;
  10. Курсан Асанов;
  11. Бактыбек Калмаматов;
  12. Мыктыбек Арстанбек.
  13. СегизбаевАбдил Кенешевич;
  14. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич.

Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 10-январда өтөт. Учурда президент болом деген талапкерлердин саны 45.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>