Президенттикке талапкер болгусу келгендердин саны үчкө жетти

Президенттикке талапкер болгусу келгендердин саны үчкө жетти

Кубан Чороев президенттик шайлоого талапкер болуп катышуу үчүн БШКга арыз берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 31-октябрда
Борбордук шайлоо комиссиясына президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” коомдук фондунун төрагасы Чороев Кубан Аманбековичтен арыз түшкөн.
Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Адахан Мадумаров жана Арстанбек Абдылдаев арыз берген болчу.

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 10-январга белгиленген. Талапкер болгусу келгендер 14-ноябрга чейин документтерин тапшырышы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>