Президенттикке талапкер болуу үчүн 36 адам арыз берди

Президенттикке талапкер болуу үчүн 36 адам арыз берди

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына дагы алты адам арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.

Алар, Ербол Токтогулов, Карагач Исмаилова, Марат Кайыпов, Турсунбай Бакир уулу, Курсан Асанов жана Темирлан Ормуков.

Ушуну менен президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга арыз бергендердин саны 36 болду.

Буга чейин Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев, Нурлан Мотуев, Рашид Тагаев, Жеңишбек Байкуттиев, Клара Сооронкулова, Аймен Касенов, Азамат Эсенбеков, Кубанычбек Кадыров, Элеонора Турдубекова, Садык Шер-Нияз, Үрүстөм Кабылбеков, Илгиз Товкеев, Бактыбек Калмаматов, Жамбыл Камчиев, Мыктыбек Арстанбек, Токтайым Уметалиева, Асланбек Малиев, Медер Болгомбаев Анар Зарипова, Куттумидин Базаркулов, Бакыт Романов, Турсунбек Жумабеков жана Имамидин Ташов арыз берген, ал эми Бакыт Бакетаев арызын кайра кайтарып алган.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>