Президенттикке талапкер болуу үчүн БШК арыз бергендер 11 адамга жетти

Президенттикке талапкер болуу үчүн БШК арыз бергендер 11 адамга жетти

Рашид Тагаев президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-ноябрда Президенттик кызматка өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу «Ошгаз» филиалынын директору
Рашид Тагаевден БШКга арыз  түшкөн.

Буга чейин президенттик шайлоодо талапкер болуп катышуу үчүн Адахан Мадумаров, Арстанбек Абдылдаев, Кубан Чороев, Назарбек Нышанов, Бектур Асанов, Бакыт Бакетаев, Канатбек Исаев, Абдыкаар Сыдыков, Сазыкбай Турдумалиев жана Нурлан Мотуев БШКга арыз берген.

Белгилей кетсек, мөөнөтүнөн мурда өтчү президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген. Талапкер болууну каалагандар 15-ноябрга чейин БШКга арыз берип, 7-декабрга чейин бир миллион сомдук күрөөнү жана керектүү документтерди тапшырышы керек.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>